
Жалал-Абадда жалган маалымат тараткандар текшерүүгө алынды. Бул тууралуу “Ынтымакка” Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 1-апрелден 2-апрелге караган бир сутка ичинде облустун аймагында жана коменданттык саат киргизилген аймактарда баары болуп 18 кылмыш окуялары катталган. Алардын ичинен коронавирус боюнча такталбаган жалган маалыматтарды тараткан, текшерүүнү талап кылган 2 факты катталып (Аксы, Чаткал), учурда текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы 176 жаран кармалган. Сутка ичинде Жалал-Абад шаарынын аймагынан 3, ал эми Сузак району боюнча 4 жаран коменданттык сааттын эрежесин бузушуп, ШРИИБге жеткирилген. Ошондой эле аталган аймактардан жалпы 111 автоунаа кармалып, айып аянтчасына коюлган.
Коменданттык саат киргизилген аймактан азык-түлүк ташыган унаалар милициянын коштоосу менен өткөрүлүүдө.
“Өтө зарыл жүктөрдү өткөрүү жөнүндө” буйруктун негизинде күнүмдүк азык-түлүк жана керектелүүчү мөмө-жемиштерди ташыган автоунаалар “Бишкек-Ош” жана “Ош-Бишкек” автожолундагы “Беш-Кепе” жана “Боз-Чычкан” блок-постторунан КРнын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлеринин коштоосу менен өткөрүлүп жатат (өткөн сутка ичинде – 44 жүк ташуучу, – 6 жеңил унаалар өткөрүлгөн).
ИИМ: милиция кызматкери сойкуларды ташып жүргөн деген маалымат жалган
- 02.04.2020