Жалал-Абадда УКТ мүчөсү кармалды

Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, Сузак районунун 31 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 17-январында Сузак районунда жайгашкан устаканасына “Баха” аттуу жаран келип бычак такап, балка менен бутуна, кабыргасына уруп, “100 миң сом акчаны коюп кой” деп коркуткандыгын билдирген.

Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектелген жаран кармалган. Ал ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган, Сузак районундагы өзбек диаспорасынын кылмыш чөйрөсүндөгү лидери (положенец), “Пахир Калла” каймана аттуу Б.Б., болуп чыккан.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө ал мурда адам өлтүрүү жана башка бир нече беренелер менен соттолгондугу белгилүү болгон.

Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан 2022-жылдын 5-февралында шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын баш коргоо чарасы бүгүн Жалал-Абад шаардык сотунда каралат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.