Жалал-Абадда үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду

Жалал-Абадда турак үйдөн өрт чыгып, бир адам изге ууланып каза болду. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-мартта саат 09:25 Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарына караштуу Сай-Коргон айылынында турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине эки өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, тилсиз жоо саат 10:57де толук өчүрүлдү.

Өрттүн кесепетинен 38 жаштагы А.С. аттуу эркек киши түтүнгө ууланып каза болгон.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгым такталып жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.