
Жалал-Абад облусундагы “Узун-Акмат” суусуна түшүп кеткен жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Анда маалымдалгандай, окуя 8-март күнү саат 23:00 чамасында Чолпон-Ата айыл аймагынын Терек-Суу айылында болгон. Анда 1991-жылы туулган эркек адам сууга түшүп кеткен.
10-март күнү жерине издөө иштерин улантуу максатында ӨКМдин куткаруучулары тартылып, саат 11:00дө суудан маркумдун жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.
- 11.03.2021