Жалал-Абадда студенттер мугалим мажбурлап китеп сатканын айтышууда. Видео

Студенттерди өз китебин сатып алууга мажубурлап жаткан аудио, атын атагысы келбеген булактар аркылуу бизге жетти. Аудио жаздыруудан ЖАМУнун кыргыз, чет элдерадабияты жана журналистика кафедрасынын башчысы Дилбар Чокоеванын студенттерден китептеринин акчасын талап кылып жатканын угууга болот. Бул аудио жаздырууну Дилбар Чокоева өзү ырастап, китептер сентябрь айынын башында сатылганын айтты. Ал китептерин басамаканага кеткен чыгымдарга берүү үчүн гана сатып жатканын, аны студенттер ыктыярдуу алганын белгиледи. Китеп сатып алган студенттердин бир тобу эжекесинин коштоосунда, аны ыктыярдуу түрдө сатып алышканын ырасташты. Бирок, мугалим жок учурда маектешип, алар алдыдагы кышкы сессияда баа албай калабыз деген кооптонуу менен, мажубур түрдө китепти сатып алышканын билдик. Көрсө “Батыш элдеринин адабияты” деп аталган эки бөлүктон турган китеп, кыргыз тили жана адабияты адистигинде окуган студенттердин айрымдарын эске албаганда, басымдууду бөлүгүнө мажубурлап эле сатылган экен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.