Жалал-Абадда пенсионерге орой мамиле жасаган айдоочу жумуштан четтетилди

Жалал-Абад шаарында пенсионерге орой мамиле жасаган айдоочу бир айга жумуштан четтетилди. Бул тууралуу Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, Жалал-Абад шаарындагы №110 маршруттук каттамдын Эмил Сыдыков аттуу айдоочусу менен пенсионердин ортосунда жол акысы боюнча чыр чыккан. Окуя териштирилип, жүргүнчүгө орой мамиле жасаган айдоочу бир айга убактылуу жумуштан четтетилди.

Эгер мындай учур дагы кайталанса айдоочу каттамдан толугу менен чыгарылат.

Шаар мэри Эрнисбек Ормоков мектеп окуучуларын салбай кеткен, жол акысын бекитилген тарифтен жогору алган айдоочулар жумуштан алына турганын эскерткен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.