Жалал-Абадда ондой селсаяк баш калка жайда жашап жатат

Жалал-Абад шаарындагы селсаяктар үчүн баш калка жайда жашап жаткан он адамдын үчөө аялдар. Мындагылардын эң жашы 35те болсо, карысы 80 жашта

Жергиликтүү бийлик убактылуу жайда ысык тамак, медициналык-социалдык тейлөө уюштурган. Бул үчүн 91 миң сом ажыратылды.

Үй-жайсыз адамдар үчүн баш калка жай 2011-жылдан бери иштейт. Кырк орунга ылайыкташкан.  Селсаяктарды кышкысын гана кабыл алат. Жылдагыга салыштырмалуу быйыл мында келгендердин саны аз. Көпчүлүгү түн ичинде келип, таң эрте көрүнбөй чыгып кеткенге аракеттенишет.

Милициянын эсебинде, Жалал-Абад шаарында 25тей үй-жайсыз адам бар. Былтыр кышкы суукта беш селсаяк каза болгон.

Текст: Дөөлөтбек Кочкөрбаев, Кылымжан Азамат кызы

Видео: Шайыр Зийирбек уулу

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.