Жалал-Абаддагы окуучунун өлүмүнөн соң мектеп директору кызматтан алынды

Маркум окуган Ноокендеги №30 мектептин директору кызматтан алынды. Бул тууралуу “Ынтымакка” райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлү Эрмек Абылбеков  билдирди.

«Мектеп директору түшүндүрүү иштерин туура жүргүзгөн эмес. Баланын үйдөн чыгып кеткенин ата-энеси да байкабай калган. Мектепте түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө», — деди Абылбеков.

Ноокендеги  16 жаштагы окуучунун сөөгү 24-ферваль күнү жардын түбүнөн табылган.

Тергөөнүн алдыңкы маалыматына ылайык, маркум жардан кулап, ошол жерде көз жумган.

Бул окуя боюнча, Жалал-Абад облустук ИИБнин басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков төмөнкүлөрдү билдирди.

«23-февраль күнү 16-23 жаштагы балдардын ортосунда чатакташуу болгон. Маркум саат 22:00 чамасында классташтары менен үйлөрүнө баратып, улуу курактагы балдар менен чырдаша кетет. Балдар ар тарапты көздөй качканда маркум сай тарапка чуркап, жардан кулаган жана ошол жерде жан берген. Ал эми калган балдар үйлөрүнө кетип калышкан», — дейт Турдубеков.

Учурда маркумдун сөөгү соттук медициналык эксперизага өткөрүлүп берилген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.