Жалал-Абадда этти 100дөн ашык өлкөгө экспорттоочу мал соючу жай курулууда

Жалал-Абад шаарында эл аралык талапка жооп берген мал соючу жай ишке кирүүдө.  Азыр жумуштун 90%ы аяктап, жаз айынын ортолорунда пайдаланууга берилет. Ишкананын ачылышы менен аймактагы этти 100дөн ашык өлкөгө экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мал союучу жай 40 тонналык муздаткычтары жана санитардык талаптарды эске алуу менен курулуп жатат. Жабдыктардын баары Орусиядан алынып келинген. Мекемени толук ишке киргизүү үчүн 23 миллион сом жумшалууда. Каржынын жарымы өкмөттүн жеңилдетилген насыясы менен болсо калган сумманы “Ситизен” жоопкерчилиги чектелген коому каржылайт.

Мекеме ишке кириши менен 15 адам жумуш менен камсыз болот. Заманбап техникалардын жардамында күнүнө 50 баш бодо малдын же 150 койдун этин алууга болот. Алгач керектүү сырьену жергиликтүү фермерлерден алуу пландалып жатат.

Эл аралык талаптарга жооп берген мал соючу жай Өзгөн жана Ала-Бука райондорунда да курулууда. Эгерде алардын иши ийгиликтүү болсо дагы 20дан ашык мал соючу жай ишке кирери пландалууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.