Жалал-Абадда чек арачыларга үй курулуп жатат

Ала-Бука районунда салынып жаткан үч кабаттуу үй ушул жылдын августунда пайдаланууга берилет деп билдиришти Мамлекеттик чек ара кызматынан.

Үйдүн пайдубалын түптөө аземи өткөн ишембиде тиешелүү жетекчилер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

“Чек ара заставаларынын жана отряддардын инфраструктуралары жакшыртылып жатат. Бирок өзгөчө көңүл  аскер кызматкерлерин турак-жай менен камсыз кылууга бурулууда.  Ушул жылдын ичинде эле Нарын, Талас, Исфанада 24 батирлүү үйлөрдү салууну мерчемдеп жатабыз», – деди Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысынын орун басары  Данияр  Сатимов.

Быйыл Чүй , Нарын, Ош, Жалал-Абад  жана Баткен   облустарында жүз элүүдөн ашык чек арачы үйлүү болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.