Жалал-Абадда бодо малды жасалма уруктандыруу аркылуу асылдаштырып жатышат

Жалал-Абад облусунда асыл тукум малдарды жайылтуу зарыл. Облуста саан уйлардын 10-15% гана жыл сайын жасалма жол менен уруктандырылат.

Сузак районун Барпы айыл аймагында кара малды жасалма уруктандыруучу эки пункт бар. Кызмат акы менен уруктун баасын кошкондо бир уй үчүн 750 сом.

“Биз сементал уругу менен качырабыз. Швед пародасы менен, Ала-Тоо пародасы менен уруктандыруу жүрөт. А бирок өзүбүздүн кыргыз малдарды да качырган болсок, баары бир натыйжасын берет. Элде түшүнүк бар: өзүбүздүн малдарды качырган болбойт, тууй албай калат деген. Бул бекер сөз, качырса, сөзсүз пародалык структура оңолот”, – деди “Жетинин бири” фермердик чарбасынын жетекчиси  Абсалам Каржодиев .

Мындагы уруктар Европа өлкөлөрүнөн жеке ишкерлер аркылуу алынып келинет. Эт жана сүт берүү мүмкүнчүлүгүнө жараша баалары 750 сомдон 1,5 миң сомго чейин болот. Кымбат болгон үчүнбү көпчүлүгү мындай жол менен малын төлдөтүүнү эп көрбөйт. Анын үстүнө куут башталган мезгилде айылдагы малдар жайлоого кетип калат.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда малдарды асылдаштырууга багытталган 34 пункт бар. Алар облус аймагындагы 320 миңден ашуун кара малды тейлеп келет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.