Жалал-Абадда бизнес баштагандарды колдоо борбору ачылды

Жалал-Абад шаарында биринчи жолу жаңы бизнес баштагандарды турган “Startup Center Jalal-Abad” борбору ачылды.

Ал  “Жалал-Абад – Жаш ишкерлер” ассоциациясынын, соода-өнөр жай палатасынын түштүк департаментинин, Германиянын эл аралык кызматташтык боюнча коомунун “Туруктуу экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү” программасынын ортосундагы меморандумдун негизинде, Швейцариянын өнүгүү жана кызматташуу боюнча агенттигинин каржылык колдоосу менен ишке ашты.

Уюштуруучулардын айтымында, стартап борборунун негизги максаты- аймакта жумуш орундарын түзүү, ишкердик баштагандарга кеп-кеңештик жана практикалык жардам берүү.

Аймактарда өз ишкердигин баштагысы келген, бизнести баштоо жана өнүктүрүү боюнча жакшы идеялары бар, бирок аны ишке ашыруудан кооптонгон жаштар арбын.

Стартап борбору атайын бизнес окууларды, башка да практикалык иш-чараларды уюштуруу, жол көрсөтүү менен аларга жардам берүүнү максат кылат. Ошондой эле жакшы перспективдүү идеялардын, долбоорлордун ишке ашырылышы үчүн материалдык колдоону уюштуруу максатында каржы институттары менен да кеңири иш алып баруу каралган.

Эң негизгиси, жергиликтүү бийликтер менен бизнес чөйрөнүн байланыштары тереңдеп, мамлекеттик – жеке менчик өнөктүгү да жакшырмакчы.

Эскерте кетсек, ушундай борбор буга чейин Бишкекте гана бар болчу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.