Жалал-Абадда бир түндө бир айлык нормадагы жамгыр жаады

Жалал-Абад облусунда кечээ, 3-апрель түнү жааган жамгыр бир айлык нормага жеткенин ӨКМден кабарлашты.

“Нөшөрлөп жааган жамгырдын жана тоолорго жааган көп көлөмдөгү кардын эрүүсүнүн натыйжасында Кара-Үңкүр дарыяларындагы суунун көлөмү 150 м3/с , ал эми Көк-Арт дарыясында 130 м3/с түзүп, жээк бекемдөө жумуштары жүрүп жаткан обьектилерге кооптуу абал жаратты”, – деп кабарлашты ӨКМдин маалымат кызматынан.

Ушундай эле абал областтын башка район-шаарларында да орун алган. Бир эле күндө бир айлык нормадагы жаандын  жаашынан дарыяларда суу көбөйүп, кооптуу участоктордо областтык сел жана суу ташкындарынан коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери түнү бою жээк бекемдөө менен алек болушкан.

Синоптиктердин берген маалыматы боюнча 4-апрель күнү катуу жамгыр жаашы күтүлүүдө. Андыктан сел, жер көчкү жүрүү коркунучу сакталууда. Андыктан ӨКМ жарандарды сак болууга чакырат.

Сүрөт: Sputnik

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.