Жалал-Абадда баңги зат менен эки тургун кармалды

Жалал-Абад ОИИБнын Криминалдык милиция кызматы бир учурда баңги затына байланыштуу 2 факты аныктады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди

Алгач, 18-октябрь күнү түнкү саат 23:00 чамасында, Жалал-Абад шаарындагы “Бай Эл” базарынын жанынан Сузак районунун Ырыс айылынын 22 жаштагы Х. Х атту тургуну  текшерүүгө алынган. Натыйжада андан “Гашиш” баңги заты табылган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында, 19-октябрь күнү ошол эле айылдын 26 жаштагы тургуну  кагазга оролгон “Гашиш” баңги заты менен кармалган. Анын үйүнө милиция кызматкерлери тинтүү жүргүзгөн учурда  500гр “Гашиш” жана “Марихуана” табылган

Жогорудагы 2 факты боюнча Жалал-Абад ОИИБнин Тергөө кызматы тарабынан КЖКнын 246-беренесинин 3-бөлүгү (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) менен кылмыш иштери козголуп тергөө амалдары уланууда

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.