Жалал-Абадда ата-энесинен ажыраган 82 балага 3 млн сом берилди

Жалал-Абад облусунда ата-энесинен ажыраган 82 балага 3 миллион сом акчалай көмөк көрсөтүлдү. Бул тууралуу “Ынтымакка” Өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Анда маалымдалгандай, аталган көмөк көрсөтүү Бириккен Араб Эмиратынын жана Кыргызстандын Улуттук Кызыл Ай Коомунун өнөктөштүк долбоорунун алкагында ишке ашырылган.

“Алардын тизмеси облустун район-шаарлардагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан берилген. Муктаж балдарга көмөк көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында, каражаттар ар бир балага банктык эсеп аркылуу которулган”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда 509 томолой, 7 миң 965 ата-энесинен ажыраган балдар бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.