Жалал-Абадда айрым мектептердин окуучулары толук түрдө салттуу окушат

Жалал-Абад шаарындагы мектептерге толук кандуу уруксат берүү маселеси шаардык штабдын жыйынында каралды. Ага калаа башчысы Эрнисбек Ормоков жана комиссия мүчөлөрү катышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда шаарда коронавирус илдетине байланыштуу абал туруктуу. Бирок азыркы тапта ооруканада 17 адам, үй шартында 4 адам дарт менен күрөшүүдө. Ушул жагдайды жана саламаттык сактоо жана билим берүү министрлигинин алгоритмин эске алуу менен штаб айрым мектептерге гана уруксат берди.

“25-январдан баштап окуучулардын саны 900гө жетпеген мектептер толук кандуу салттуу билим берүүнү улантат. Тагыраагы №6, 11, 16, 21, 19 мектептерде 1-класстан 11-класска чейин окуганга уруксат берилди”.

“Ал эми калган мектептерде 1-2-3-4-5-9-11-класстар гана мектепке барып билим алышат. Бул билим уяларындагы 6-7-8-10-класстар аралыктан окууну улантат. Мектептер азырынча штабдын чечиминин негизинде жогорудагыдай тартипте иштейт. Убакыт өткөн соң кырдаалга жараша дагы чечим кабыл алынат”, – деп айтылат маалыматта.

Ал эми бала бакчаларга мониторинг жүргүзүлүп, жыйынтыгына жараша уруксат берүү жагы каралат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.