Жалал-Абад: жер көчкү коркунучундагы эки мектеп жабылды

Жалал-Абад облусунун аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланды. Акыркы жаан-чачындан улам аймакта жер көчкү, сел, суу ташкыны жана кар көчкү коркунучу күч алды. ӨКМдин адистери кооптуу жайда жашаган жарандарды сак болууга чакырып жатат.

Учурда облус аймагындагы эки мектеп убактылуу жабылды. Анын бири – Кызыл-Суу айылындагы билим берүү мекемеси. №12 Сагындыков атындагы 9 жылдык мектептин окуучулары азыр каникулда, 10 күндөн кийин коопсуз жайдагы эки үйдө окуусун улантышат.

Мындан сырткары Сузак районун Алмалуу-Булак айылындагы орто мектеп дагы көчкү коркунучунан улам убактылуу жабылды.

Жалал-Абад облусунда жыл башынан бери кыркка жакын жер көчкүсү катталган. Аймакта 500 кооптуу участок бар экени аныкталган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.