Жалал-Абад: уулангандардын экөөсүнүн абалы салыштырмалуу оор

Базар-Коргон районунда тамак-аштан уулангандардын саны 33кө жетти. Алардын экөөсүнүн абалы салыштырмалуу оор, калгандарынын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук санэпидстанциянын координатору Үсөнкүл Жоробаев билдирди.

Дарыгердин айтымында, уулангандар 15-апрель күнү өткөн тойдон артып калган салатты жеп алышкан.

“Салаттар үй шартында жасалган. Майрамдан артып калган салаттарды той ээсинин жакындары желим баштыктарга салып, үйлөрүнө алып кетишкен. Баштыктар күн ысыкта унаада калып кеткен. Андагы салатты кечиндес, анан эртеси да жешкен. Ушундан кийин уулануу белгилери менен ооруканага адамдар келе баштаган”, – дейт Жоробаев.

Тамактын калдыгын алууга мүмкүн болбой, лабораторияга кусунду үлгүлөру жөнөтүлдү. Текшерүү жыйынтыгы үч күндө белгилүү болот.

Дарыгерлер аймакта тамак-аштан уулануунун алдын алуу боюнча түшүндүруү иштерин жүргүзүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.