Жалал-Абад шаарында 120 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Жалал-Абад шаарындагы №27 «Шүдүрүм» балдар бакчасы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, бүгүн, 16-ноябрда пайдаланууга берилди.

Жаңыртылган имараттын ачылуу аземине шаар мэри Эрнисбек Ормоков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана калаа тургундары катышты.

Үч кабаттан турган бала бакчанын эки кабатын жаңыртуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 3 миллион 150 миң сомдой акча каражаты сарпталган.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери шаарда 6 бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.