Жалал-Абад шаардык кеңеши таркап кетти

Жалал-Абад шаардык кеңешинин 7-чакырылышына келген депутаттар иш баштабай туруп тарап кетти. Алар 4 айдан бери сессияга чогула албай койду.

Биринчи сессия жети жолу белгиленип, баарында кворум болбой калган. Акыркы жыйын 30-мартта болуп, эл өкүлдөр таркап кетүүгө токтолушту. Жыйынга 31 депутаттын 23ү  келип, баары таркап кетүү сунушун колдошту.

Эми депутаттар БШКга кат жолдошут. Ага ылайык, шаардык кеңештин депутаттары кайрадан шайланат.

Мыйзамга ылайык, буйрукка  президент кол койгондон 45 күн өткөндө кайрадан шайлоо болот. Өлкөдө бүгүнкү күндө мөөнөтүнөн мурда өзүн-өзү тарткаткан 19 жергиликтүү кеңеш катталса, Жалал-Абад жыйырманчы болуп алардын катарын толуктады. Жогоруда айтылган жергиликтүү кеңештерге шайлоо 28-майда өткөрүлөт. БШКнын аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Жалал-Абад шаарында да шайлоо ошол күнгө белгилениши мүмкүн.

Эскерте кетсек, 7-чакырылыштын депутаттарынын 12-январдагы отурумунда  “Өнүгүү-Прогресс”, “Республика-Ата Журт” жана “Ата Журт” партияларындагы 16 адамдан турган коалиция түзүлгөн. Бул чечим кабыл алынган биринчи сессияга КСДП, “Кыргызстан” катышпай калган. Ушундан кийин алар сотко кайрылып, бирок сот кайрылуучулардын арызын канааттандырган эмес. Кийинчерээк депутаттар «Биримдик» коалициясы таратып, «Ынтымак» коалициясы түзүлгөн. Анын курамына КСДП, «Кыргызстан» жана «Республика — Ата Журт» фракциялары кирген. Аны “Өнүгүү-Прогресс” менен “Ата Журт” фракциялары тааныбай, отурумдарга катышпай коюшкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.