Жалал-Абад: сел бузуп кеткен ички чарбалык жолдорду тазалап жатышат

17-18-апрелде Жалал-Абад облусунун аймагында сел бир катар ички чарбалык жолдорду жууп кеткен. Турак жайлардын да короолоруна сел кирген. Учурда селден жабыркаган жолдор менен үйлөрдүн короолорун тазалап жатышат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, тазалоо иштерине ар бир аймактан адистер менен техникалар тартылган. Селден Ноокенде алты үйдүн короолору, Сузакта ички чарбалык жолдор, Курманбек айыл аймагында көпүрө авариялык абалга келген.

Ошондой эле жаан чачындан Аксыдагы Авлетим дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, жээкти бекемдөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: topnews.kg

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.