Жалал-Абад: санариптик берүүлөр боюнча калкка түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Жалал-Абад шаарында санариптик берүүгө өтүү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бул боюнча жыйындар уюштурулуп, мекеме ишканалардын кызматкерлери катышууда.

Радио релейлик станциялардын түштүк башкармалыгынын Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн башчысы Сардарбек Алымкуловдун айтымында учурда калкта санариптик берүүлөр боюнча түшүнбөстүктөр күч. Андыктан майга чейин эл менен иш алып барып, жабдыктарды алмаштырууга үлгүрүп калуу зарыл.

“Алгач мекеме кызматкерлерине түшүндүрүп жатышат. Алар аймактардагы элге жеткиришет. Себеби ишкана адистери калк менен тыгыз иш алып барышат”,-деди шаар мэри Айзат Раматиллаева.

Өлкөдө 15-майдан тарта аналогдук телеберүүлөр токтотуларын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлаган. Санариптик берүүлөр тууралуу суроолорго жооп алгысы келгендер үчүн 1212 кыска номуру да иштеп жатканын кошумчалаган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.