
Кечээ, 9-февралда Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Анда маалымдалгандай, силкинүү саат 10:39да Чаткал районунун Терек-Сай, Бузук, Жаңы-Базар, Курулуш айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
- 10.02.2022