Жалал-Абад облустук филармониясындагы чырды 18-апрелде комиссия карайт

 Маданият мекемесиндеги ондон ашык кызматкер иш таштап, директорго нааразылыгын билдирүүдө. Жетекчилик болсо муну кызыктар тараптардын атайылап уюштурган айласы деп жатат.

Иш ташаган кызматкерлер филармониянын башчысы Дүйшөнбай Молдобаев концерт коюу ижарасын негизсиз көтөрдү, кол алдындагылардын чыгармачылык ишин колдобойт деп айыптап чыгышты.

“Мен филармонияда бир жыл жетекчинин орун басары болуп иштедим. Ал учурда жаштардын концерттерин колдоп, көп пландарды ишке ашыруу оюмда болчу. Бирок жетекчиликтин туура эмес мамилесинен улам ишке ашпай калды. Мындан улам мен өз ыктыярым менен кызматты тапшырып бердим. Азыркы учурда болсо филармониядагы 30 кызматкер иш таштап, 10 адам гана иштеп жатат. Мындай кадамга баруубузга бир жолку концерттен ижара  үчүн 6 миң сом, музыкалык жабдыктарга 4 миң алып жатышы себеп болуп жатат. Мурун бул баа эки миң сом гана болчу”,- деди бир жыл мурун өз каалоосу менен кызматтан кеткен Эмил Балтагулов.

Филармония жетекчиси Дүйшөнбай Молдобаев кызматкерлердин нааразылыгын жөн гана жамааттагы ынтымакты бузгусу келгендердин аракети деп баалайт. Анын айтымында филармонияда 30 эмес 11 кызматкер гана жумушка келбей жатат.

“Мен филармонияда 22 жыл иштедим. Борборду өркүндөтүү үчүн канча аракет кылдым. Аны жаштар түшүнбөй, жакында эле келип алышып мени күнөөлөп жатышат. Жумуш таштагандарга да кайра келип ишегиле деп айттым. Бирок алар Маданият министрлигине кайрылганын айтышып, өз кызыкчылыктарын ойлоп жатышат”,-деди Молдобаев.

Антимонополиялык кызмат бекитип берген тарифтер боюнча филармонияда концерт коюу саатына 3 миң сом деп белгиленген. Ал эми музыкалык жабдыктарды колдонууда бир саатка 2 миң сом төлөш керек.

Нааразы болгон кызматкерлер Маданият министрлигине кат жолдошкон. Ошондой эле Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнө дагы кайрылышкан. Алардан турган комиссия 18-апрель күнү филармониядагы окуяны териштирип, андан соң жыйынтык чыгарат.

Молдобаев кошумчалагандай, 11 кызматкерден башкасы учурда жумушун үзгүлтүксүз эле улантып жатышат. Ал белгилегендей, комиссиянын чечими кандай чыкса ага каршылыгы жок.

Белгилей кетсек, филармонияда 60ка жакын кызматкер иштейт. Мекеменин түзүлгөнүнө 23 жыл болду.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.