Жалал-Абад облустук филармониясына убактылуу жетекчи дайындалды

Жалал-Абад облустук филармониясына убактылуу жетекчи болуп Анарбай Раимканов дайындалды. Мындай буйрукту Маданият министрлиги филармониядагы эки тараптуу келишпестиктен кийин чыгарды.

“Бизге 18-апрелде министрликтен жана өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн комиссия келди. Алар жазылган арыздар боюнча ортодогу келишпестикти карап чыгышты. Бирок мен өз ыктыярым менен эле жумуштан кеттим. Мени жаман атты кылып жаткандардын кадамынан кийин кантип иштемек элем. Бирок министрликтен жетекчилик кызматты улантуу сунушун беришти, макул болгон жокмун”,- деп белгиледи филармониянын мурунку директору Дүйшөнбай Молдобаев.

Буга чейин филармонияда жетекчилик менен кызматкерлер арасында келишпестик жаралып, Маданият министрлигине кайрылышкан. Анда кызматкерлерден турган нааразы болгон топ жетекчиликти баарына бирдей мамиле жасабайт, чыгармачылыкты колдобойт деп айыпташкан.

22 жыл жетекчи болуп иштеген Дүйшөнбай Молдобаев болсо ага болгон нааразылыкты бут тосуп жаткандардын аракети деп баалап, жөн гана жамааттагы ынтымакты бузгусу келгендердин кадамы экенин белгилеген.

Анарбай Раимканов был жылдан бери облустук филармонияда орун басар болуп иштеп келген.

Белгилей кетсек, филармонияда 60ка жакын кызматкер иштейт. Мекеменин түзүлгөнүнө 23 жыл болду.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.