Жалал-Абад: мектеп жетишсиздигинен окуучулар бир партада үчтөн отурууга аргасыз

Жалал-Абад шаарында өлкө эгемендүүлүк алгандан бери бир да жаңы мектеп салына элек. 90 жыл мурда 650 балага ылайыкташып курулган №1 мектеп гимназиясында 1900 окуучу билим алып жатат. Мектеп жетекчилиги  5-6 жылдан бери жаңы имарат керектиги тууралуу кайрылганы менен жыйынтык чыкпайт. Бул акыйкатчы Кубат Оторбаевтин иш сапарынын алкагында маалым болду.

Мектеп жамааты жаңы имарат керектигин, кээ бир класстарда окуучулар үчтөн отурушканын белгилешти.

Акыйкатчы андан ары балдарды реаблитациялоо жана психоневрологиялык бөлүмдөрдун абалы менен таанышып чыкты.

Кубат Оторбаев Жалал-Абадга болгон эки күндүк иш сапаныда мектептерде, бала бакчалардагы абалды жана убактылуу кармоочу жайда жаткандардын укуктарынын сакталышы, жашаган шарттары менен таанышмакчы.

Өткөн жылы акыйкатчыга 3800 кат түшүп, бир тобунун жыйынтыгын оң чечилген жана 6 миң жаранга ооз эки укуктук кеңеш берилген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.