Жалал-Абад: “Курманбек” стадионунун аймагына кичи футбол аянтчасы курулууда

Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадионунун аймагына кичи футбол аянтчасы курулууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, стадион автоматтык түрдө сугаруучу жабдыктар менен жабдылып, түнкү жарыктандыруучу чырактар орнотулууда.

“Аталган стадион буга чейин жумушчулардын жардамында суу түтүктөрү менен сугарылып келчү. Мындай шартта газондорду сугаруу бир тарабынан ыңгайсыз болсо, экинчи тарабынан атайын жумушчу күчтү талап кылчу. Эми автоматтык түрдө сугаруучу жабдыктар орнотулуу алдында турат. Автоматтык түрдө сугаруучу жабдыктар газондун астынан орун алып, сугаруу мезгилинде гана газондун бетине чыгат. Учурда ал үчүн атайын жабдыктар алынып, суу кампасы курулууда”, – деп айтылат маалыматта.

Стадиондогу курулуштарды ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттен 6 миллион 150 миң сом каражат сарпталып жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.