
Бул тууралуу Кыргызстан менен Өзбекстандын делагациясынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда өткөн жолугушуусунда айтылды.
Делекациянын курамында КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов менен Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү катышты. Ал эми Өзбекстан тараптан Андижан облусунун башчысы Ш.Абдурахманов жана Пахтабад районунун жетекчилиги келишти.
“Эки тараптуу жолугушууда Кара-Үңкүр дарыясынын тийгизген таасиринен айылдарды, айдоо аянтарын коргоо үчүн дамбаларды куруу боюнча маселе көтөрүлдү. Эки мамлекет биргеликте дамба курууга келиштик”, – деди Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов.
Ага ылайык, Өзбекстандан 1 бульдозер, 2 экскаватор Кыргызстандын аймагына кирип жээктерди бекемдөө багытында жумуштарды баштады. Буга биздин өлкө күйүүчү май жана техника жагынан жардам берет.
- 03.04.2017