Жалал-Абад: эки айылда жер көчкү катталды

Жалал-Абадда бир күндө бир айлык нормадагы жаан жаады. Мындан улам кооптуу жерлердеги жер көчкүлөр активдеше баштаган.  Бир күндө – 3-апрелде  Сузак районунун Акчалуу, Кара-Алма айылында жер көчкүсү жүрүп, ички чарбалык жолду басып калган. Бул тууралуу “Ынтымакка” ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Жол тейлөө адистери  түн ичинде  ички чарбалык жолдорду тазалап,  калыбына келтиришти.

Ал эми Базар-Коргон районунда эки жерде жер көчкүсү түшүп, төрт жерде жердин сүрүлүүсү катталаган.

Синоптиктердин берген маалыматы боюнча бүгүн дагы катуу жамгыр жаашы күтүлүүдө. Андыктан сел, жер көчкү жүрүү коркунучу сакталууда. Буга байланыштуу ӨКМ жарандарды сак болууга чакырат.

Белгилей кетсек, жыл жаңыргандан бери Жалал-Абад облусунун аймагында 35  жер көчкү жүргөн.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.