Жалал-Абад: дарыяларда суу ташуу коркунучу жоюла элек

Учурда облустагы эң көп суу аккан Кара-Дарыяда абал  кооптуу бойдон калууда. Анткени Көк-Арт, Чангет-Сай жана Андижан суу сактагычынын суулары ушул дарыяга келип кошулат. Азыркы тапта Кара-Дарыянын сыйымдуулугу секундасына 987 м3 түзөт. Алдыда суунун деңгээли болжол менен 1000 кубга чейин көбөйүшү ыктымал. Андай болсо, 200дөй үйдү суу каптоо коркунучу жаралат.  Себеби дарыянын №20- коргоочу тосмодон төмөн карай 500 чакырым аралыктагы жээк корголгон эмес.

Бул бүгүн, 2-майда Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында белгилүү болду.

Аймактагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча аткарылган иштер жөнүндө жана жээктерди бекемдөө иштеринин жүрүшү тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшанбек Рысбаев маалымат берди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тиешелүү мамлекеттик органдарга реконструкция иштерин жүргүзүү үчүн бардык керектүү курулуш материалдар менен убагында камсыз кылып турууну тапшырды.

«Жээктерди бекемдөө иштерин алдын ала, жай айларында жүргүзүү керек. Ошондой эле адистерден аба-ырайы тууралуу маалыматтарды алып, элге убагында жеткирүү иштерин жүргүзүү зарыл», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр дагы бир жолу тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана Өкмөттүк облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө калкты аймактардагы өзгөчө кырдаалдардан коргоо иштерин  жеке жоопкерчилигине алууну тапшырды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.