
Жалал-Абад шаарында Чернобыль апаатынын 31 жылдыгы “Жеңиш” эс алуу багында белгиленди. Иш чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, апааттын катышуучулары жана алардын үй-бүлөлөрү катышышты. Курман болгондорго Куран окутулуп, бир мүнөт эскерүү жарыяланды.
Шаардын вице-мэри Турдалы Темирбаевдин айтымында, шаарда 1994-жылы 124 Чернобыль апаатына катышкандар болсо, бүгүнкү күндө алардын 24ү гана калды. Жергиликтүү бийлик 2008-жылдан баштап апааттын кесепеттерин жоюуга катышкан ар бир кишиге 500 сомдон жардам көрсөтүү чечимин кабыл алган.
Эске сала кетсек, 1989-жылдын 26-апрелинде Чернобыль атомдук электр станциясынын 4-блогунда жарылуу болуп, ага Кыргызстандан 4 миң 800 адам барып катышкан.
- 26.04.2017