Жалал-Абад: беш дарыядадан суу ашып кетүү коркунучу бар

Бул дарыялардын жээктеринде жалпысынан 18 жерде сел ташып кетүү кооптуулугу күч бойдон калууда. Коркунуч болгондуктан жеринде атайын техникалар, коргоо кызматкерлери иш алып барып жатышат.

Ноокен районунун Арал айылында Кара-Үңкүр дарыясы өз нугуна түштү. 19-апрелде суунун көлөмү секундасына 170 кубдан 200 кубга көтөрүлүп, 20-апрелде 150 кубду түзүп калды. Ошентсе да, кооптуу кырдаалдын алдын алуу жумуштары жүрүп жатат. Жалпысынан 500 гектарга жакын жерди суу каптаган болсо, анын 50 гектарына зыяны тийди. Арасында үрөөн себип койгондор да болгон.

Ушул эле Кара-Үңкүр дарыясынын сол капталында да сел ыктымалы курчуп турат. Ал тарабында Базар-Коргон району жайгашып, дарыяга жер көчкү түшүп, бөгөп калган. Тосулган жерде көлөмү 800 куб суу сакталып турат. Ал калктуу конуш тараптагы жээкти жеп кетүүдө. Тосулуп калган жердеги суу ашып кетсе, Базар-Коргондогу төрт , Ноокендеги эки айыл өкмөттү суу каптоо коркунучу күчөйт.

Кара-Үңкүр  дарыясынан сырткары Көк-Арт, Чаңгет-Сай, Кара-Үңкүр, Майлуу-Сай жана Чанач-Сай дарыяларындагы суу ташып кетүү ыктымалы жоюла элек. Суу көлөмү көбөйүп, дарыя жээктерин жеп кеткен жерлерди бекемдөөгө жана тургундарды эвакуациялоого жергиликтүү тургундардан жардамчы күчтөр тартылууда. Алдыдагы күтүлүп жаткан жаанчыл аба-ырайына байланыштуу облуста  кооптуу кырдаал сакталарын ӨКМ эскертти.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.