Жалал-Абад: ажырушуулардын саны өстү

Кыргызстанда түгөйлөрдүн ажырашуусу боюнча Жалал-Абад облусу алдыңкы орунда турат. Облуста 8 айдын жыйынтыгы боюнча 5012 жубай баш кошсо, 992 үй-бүлө ажырашкан. Былтыркыга салыштырмалуу 132 учурга көп. Бирок бул расмий катталгандар гана.

Никелешүү тууралуу күбөлүк албай туруп, эки жолго түшкөндөр же тескерисинче, ажырашканда ЗАГСын кырктырбагандар мындан да көп болушу мүмкүн.

Адистердин айтымында, 25-40 жашка чейинкилер арасында ажырашуулар көп болуп жатат. Жубайлардын эки жолго түшүүсүнүн башкы себеби катары миграция эсептелет. Ошондой эле социалдык жетишпестик да ажырашууга алып келүүдө. Бүгүнкү күндө ажырашкандардын 50 пайызга жакыны миграцияда жүргөндөр.

Өлкөнүн түштүк аймагы боюнча быйыл Ошто 817, Баткенде 383, Жалал-Абадда 992 үй-бүлө ажырашкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.