Жалал-Абад: Аксыга өзгөчө кырдаал жарыяланды

Аксы районунун аймагында 4-июндан берки жааган жамгырдан дарыялардын деңгээли көтөрүлдү. Мындан улам кооптуулук жаралып, аймакка өзгөчө кырдаал киргизилди. Учурда сайдагы суулардын жээгин бекемдөөгө жана кырдаалды жөнгө салуу үчүн кошумча техникалар тартылып, адистер иш алып барышууда.

Райондун Авлетим айыл аймагында 5- июнь күнү катуу жааган Итагар дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, 1 көпүрө жараксыз абалга келген. Кошумча ички чарбалык жолдор жабыркаган. Беш үйгө кооптуулук жаралган. Тескей аймагында да ушундай эле кырдаал катталып, көпүрө жана тургундар каттоочу ички чарбалык жолдорду жууп кеткен.

Мындан сырткары, Падыша-Ата дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, жалпы айыл аймак боюнча 10 турак үйдүн короосуна сел суулары кирип, 65 турак үйгө, 1 мектепке, 1 ФАПка коркунуч жаралган.

5-июнь күнү Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүп, атайын техникалардын жардамында тазалоо жана калыбына келтирүү иштери аткарылган. Азыркы тапта жумуш уланууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.