Жалал-Абад: Аксыда жер көчкү бир үйдү басып калды

Бүгүн, 4-апрель саат 05:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жолборсту айылында жар кулаганын ӨКМ кабарлады. Көчкү жардын жанында жайгашкан турак-үйдүн арткы дубалын бузуп түшкөн.

Адам өмүрүнө зыян алып келген жок. Ошол учурда үйдө эч ким болбогон эмес. Алар буга чейин туугандарыныкына көчүрүлгөн.

Көчкүнүн көлөмү болжол менен 100м3. Окуя болгон жерде тактоо иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, жыл жаңыргандан бери Жалал-Абад облусунун аймагында 35  жер көчкү жүргөн.

Синоптиктердин берген маалыматы боюнча бүгүн дагы катуу жамгыр жаашы күтүлүүдө. Андыктан сел, жер көчкү жүрүү коркунучу сакталууда. Буга байланыштуу ӨКМ жарандарды сак болууга чакырат.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.