
12-апрелден 13-апрелге караган түнү Жалал-Абад облусунун аймагында ылдамдыгы секундасына 25 метрге чейин жеткен шамал болду. Катуу шамал 24 үйдүн чатырын учуруп кетти. Адам өмүрүнө зыян келген жок.
Чатырын алып кеткен имараттардын ичинде маданият үйү жана социалдык обьектилер дагы бар. Катуу шамал Базар-Коргон районундагы Бабур, Сай-Коргон, Акман айыл жана Жараке айыл аймактарында катталды.
Адистердин тактоо иштеринен кийин келтирилген чыгымдын эсеби аныкталат.
Сүрөт: Kabarlar.kg
- 13.04.2017