“Жакшы эмес көрүнүш” Орусиялык сенатор автоматчан Лукашенкону сынга алды

Орусиялык сенатор Алексей Пушков өзүнүн Telegram каналы аркылуу Беларусиянын президенти Александр Лукашенконун колуна автомат кармап алган видеосун сынга алды. 

Анда Пушков:
“Чечкиндүү көрүнөт, бирок жакшы эмес көрүнүш. Ушундай абалга чейин жеткириш керек беле? Башкарууга таптакыр мүмкүн эмес жагдай болгон жок. Саясатта чоң катачылыктар кеткен”,-деп жазган.

Интернет булактарында жекшемби күнү кечинде Беларустун президенти Александр Лукашенко тик учак менен Минскидеги резиденциясына учуп баргандагы видеосу тарап жатат. Андан өлкө башчынын резиденцияга конгон тик учактан түшүп, имаратты көздөй баратканын, Лукашенко бронежилет кийип, колуна автомат кармап жүргөнүн көрүүгө болот.

Башка видеодо резиденцияга президент менен чогу анын 15 жаштагы уулу Николай да учуп келгени тартылган. Ал да колуна курал алып, бронжилет жана каска кийип алган.

23-августта «Жаңы Беларустун жүрүшү» деп аталган оппозициянын акциясына болжол менен жүз миңден ашуун адам чыкты. Бул тогуз жарым миллион калкы бар Беларустун тарыхындагы эң ири акция болуп калды.

Демонстранттар президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышты. Алар кечки алтыдан кийин катуу жааган нөшөрдөн улам үйлөрүнө тарап кетишти. Бул маалда Минскиде Интернет да үзгүлтүккө учурай баштаган.

Иш-чараны утурлай Коргоо министрлиги билдирүү таратып, мыйзам бузгандарга полиция эмес, армия чара көрөрүн эскерткен.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.