Жайнак Үсөн уулу КТРКга директор болду

Жайнак Үсөн уулу улуттук каналдын директору болуп шайланды. Жаңы жетекчи 19-марттан ишке киришет.

Ага Байкоочу кеңештин он үч мүчөсү добуш берген.

Галина Байтерек менен Болот Тиллебаев бирден добуш алды.

Буга чейин ал, НТС телеканалын жетектеген.

Коомдук каналдын директорлугуна башында 22 талапкерден арыз түшүп, добуш берүүгө жетөөсү жетти. Азыркы директор Илим Карыпбеков сынактын аңгемелешүү баскычында өз талапкерлигин алып салган эле.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.