
Камсыздандыруу кимге керек?
Жыл сайын «АЮ Гарант» камсыздандыруу компаниясы кардарларына ондогон миллион сом каражат төлөп келет. Кыргызстандыктар көбүн эсе унаасын, ал эми кыймылсыз мүлкүн сейрегирээк камсыздандырат. Мындан тышкары, компаниянын кардарларынын катарын чет өлкөгө чыгып жаткан жарандарыбыз, жүргүнчү жана кооптуу жүк ташыган айдоочулар, кооптуу өндүрүш объектилери бар ишканалар толуктайт. Мыйзам боюнча аталган жарандар милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алышы керек.
«Ири компаниялар көбүн эсе полистерди кызматкерлерине алып берет. Мындай кадам жумуш берүүчү менен кызматкерлердин арасындагы ишенимди бекемдеп, кызматкердин компанияга болгон берилгендигин арттырат, — дейт «АЮ Гарант» камсыздандыруу компаниясынын Башкармасынын Төрагасы Санжар Давлеталиев, — учурда бир нече милдеттендирилген камсыздандыруунун түрү бар, бирок, тилекке каршы, учурда камсыздандыруу маданияты эл арасында кеңири жайыла элек.

«Намба Такси» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Улукман Карабукаев «АЮ Гарант» компаниясынын кызматтары менен эки жылдан бери колдонуп келет. Анын айтымында «Намба Такси» кызматы үчүн жүргүнчүлөр менен айдоочулардын коопсуздугу алгачкы орунда турат.

«Биз алгач унааларыбызды камсыздандыруу үчүн ишенимдүү өнөктөш издедик. Баасы жеткиликтүү, кардарлардын абалын түшүнгөн жана баштапкы келишимдин шарттарын жазбай аткарган өнөктөш керек эле. Өлкөдөгү камсыздандыруу компаниялардын шарттарын изилдеп, алардын кардарлары менен сүйлөшүп көрдүк, — дейт Карабукаев, — жыйынтыгында «АЮ Гарант» компаниясына токтолдук.
«Биз өнөктөшүбүздүн кардарларга болгон мамилесин, тейлөөсүн, келишимди жазбай аткарышын баса белгилейбиз. «АЮ Гарант» менен алгач иштеп баштаганда эле кызматкерлерибиз компаниянын тейлөө сапатына эң жогорку баа берген».
Карабукаевдин айтымында «Намба Такси» ЖЧКсынын көпчүлүк унаасы учурда «АЮ Гарант» компаниясында камсыздандырылган, демек, жүргүнчүлөрдүн, айдоочулардын жана жалпы «Намба такси» кызматынын коопсуздугуна кам саноонун кажети жок.
Болгону 7 жыл ичинде “АЮ Гарант” мамлекеттин казынасына 19 млн сом өлчөмүндө салык төлөгөн. «Жергиликтүү камсыздандыруу компаниялардын ичинен биздин уставдык капитал эң көп. Бүгүнкү күндө анын өлчөмү 400 млн сомду түзөт», — дейт Давлеталиев, — компания иштеп баштагандан тарта бир да жолу кардарларыбыз тарабынан доо арыз болгон жок, себеби, биз өз милдеттерибизди так аткарабыз.
“Компаниянын кызматкерлери окуя (кырсык) болгон жерге күн-түн дебей ыкчам барат. Кардарлар бизден ар дайым юридикалык консультация алып турат — камсыздандыруу полисин алуу максатында бизге кайрылган убактан тарта, кырсыктын кесепетинен биз аркылуу өз чыгымдарын жапкан убакка чейин кызматкерлер коштоп турат”.
“АЮ Гарант” камсыздандыруу компаниясы. Биздин кепилдик — сиздин бейпилдик!
Компаниянын расмий сайты: http://agi.kg/
Биз менен байланышыңыз: +996 (312) 29 90 09; +996 (776) 29 90 09; 1206
Биз социалдык тармактарда:
Facebook:https://www.facebook.com/Ayugarant/?ref=bookmarks
Instagram:https://www.instagram.com/ayugarant/
Youtube:https://www.youtube.com/channel/UC7hNDRZ_XBwlGwcXLfbMHvg
- 04.02.2020