
Дачасулуктардын 18-апрелге белгиленген тынчтык митинги болбой калды. Буга күч органдарынын көрсөткөн кысымы себеп деген жабыркагандар бийликтин ишине нааразылыгын билдиришти.
17-апрель күнү өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков парламенттеги жыйында Чүй облусунда дачсуулуктарды көчүрүп чыгууга бош жер жана каражат жоктугуна байланыштуу мамлекет жабыркагандарга кенемте төлөө менен чектелерин айткан.
Буга жабыркагандар канаттанбай, мамлекет аймакка макам берип, жашоочулардын коопсуздугун өз жоопкерчилигине алсын дешет.
- 19.04.2017