
Жаан чачындын айынан Жалал-Абад шаарындагы бир турак жай кулап түштү. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, кечеээ, 15-март күнү саат 23:15 чамасында жааган жаан Жалал-Абад шаарындагы Нагорная көчөсүндө жайгашкан №171 турак үйдүн дубалын жууп Барпы-Сейил көчөсүндө жайгашкан турак үйгө көчүп түшкөн.
Бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес. 2 турак үйдүн ичинде жалпы 22 адам болуп кошуналардын үйлөрүнө убактылуу көчүрүлгөн.
Тартылган күч каражаттардын жардамында суулардын мотопомпанын жардамында сордурулган.
- 16.03.2022