Жаңы жылда гректер бири-бирине таш белек кылышса, Чилидеги жаш кыздардын кулактары тешилет

Жаңы жыл майрамын дүйнө жүзүндөгү көптөгөн элдер майрамдашат жана ар бир элдин өздөрүнө гана таандык салт-санаалары бар. Кайсы эл кандай өзгөчөлүктөр, түшүнүктөр менен жаңы жылды тосуп алышаарын карап чыктык.

Англияда эски жылды узатуу үчүн адамдар саат 12ге чейинки убакытта үйлөрүнүн арткы тарабындагы эшиктерин ачып коюшат. Саат он экини кагаары менен ачылган эшик жабылып, алыңкы тараптагысы ачылат. Муну менен алар жаңы жылды тосуп алдык деп түшүнүшөт.

Италиялыктар болсо жаңы жылда жаңы үмүттөр менен үйлөрдөгү эски, керексиз буюмдардын жана кийимдердин баарын терезеден ары ыргытып салышат. Бул улутта эски буюмдарды эски жыл менен ыргытса, жаңы жыл байлык алып келет деген түшүнүк жашайт.

А Испаниянын айылдарында болсо ар жылда ар түрдүү, бири-бирине окшобогон сынактарды ойлоп табышат. Андан сырткары жаштар жыл ичиндеги 12 айдын урматына 12 даана жүзүмдүн мөмөсүн жешет.   

Грецияда кадимки эле анар ийгиликтин жана бакубаттыктын символу катары бааланат. Ошондуктан бул элдин калкы анарды талкалашып, жаңы жылдан жакшылыктарды күтүшөт. Мындан сырткары, майрамдык дасторконго чакырылган коноктордун ар бири бирден таш алып келишет. Таш канчалык чоң болсо, конок тоскон үйгө жаңы жыл ошончолук байлык алып келет деген ишеним бар.

Кубалыктар болсо жаңы жылга аз калганда ашканасындагы идиштердин баарына таза суу толтуруп коюшуп, саат 12ни кагаары менен терезеден чача башташат.

Ал эми Индиянын жашоочуларынын жаңы жыл алдында өткрүшкөн кызыктай салты бар. Алар Шива кудайынын храмынын алдына тизилип жатышат.  

Тайланддыктар болсо жаңы жылга жакшы каалоо катары чоң-кичинесине карабай бири-бирине суу чачып ойношот.

Кытайлардын дагы жаңы жылдык кызыктуу традициясы бар. Анда жолдордун баарын жарыктандырып, адамдар колдоруна күйгүзүлгөн шамдарды кармашып алып тизилип басышат. Сырттан караганда укмуш көрүнүш жаралат.

Чилиде болсо 6 жаштан жогорку кыздардын кулактары жаңы жыл күнү тешилет.

Крокодилдер көп жашаган, ыссык жана ийне жалбырактуу бак-дарактар жок Африкада жаңы жылда арчанын ордуна пальманы кооздошот.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.