Жаңы президенттин инаугурациясына 8 жарым миллион сомдой акча кетет

Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбековдун кызматка расмий киришүү аземи “Ала-Арча” Мамлекеттик резиденциясындагы “Энесай кабыл алуулар үйүндө 24-ноябрда өткөрүлөт. Иш чаранын сценарийи  21-ноябрда, КРнын жаңы шайланган президентинин кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында макулдашылды.

Салтанаттуу аземге 450 адам, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Баатырлары, коомчулуктун өкүлдөрү, Өкмөт мүчөлөрү, дипломатиялык корпус, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган.

Салтанаттуу иш чара саат 10до башталат. Инаугурация аземи Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстан элине ант берүүсүн, ага мамлекет башчысынын күбөлүгүн, төш белгисин жана штандартын тапшырууну камтыйт.

Президенттик кызматка киришүү аземи аяктагандан кийин Кыргызстандын борбору Бишкекте үч ирет артиллериялык залп атылат. Андан кийин Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков   Жогорку Кеңештин имаратына багыт алышат. Ал жерде ардактуу кароолдун ротасы тизилет.

Андан кийин алар Мамлекет башчысынын жумушчу кабинетине барышат.

Инаугурация аземи өлкөнүн алдыңкы телеканалдарынын жана интернет басылмаларда түз эфирде көрсөтүлөт.

Бул күнү борборубуздун бир катар көчөлөрүндө транспорт кыймылына айрым чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу тиешелүү маалымат басма сөз аркылуу кеңири коомчулукка жеткирилет.

Уюштуруу комитеттин жыйынында инаугурация өткөрүүгө кетчү чыгымдын сметасы 8 млн 404 миң 248 сом өлчөмүндө бекитилди. Жыйында уюштуруу боюнча негизги маселелер талкууланды жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине конкреттүү тапшырмалар берилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.