Жаңы 2018-жылда кайсы түстөр модада болоорун билесизби?

Жаңы 2018-жылда гардеробуңузду толуктайм деп, бирок кандай түстөгү кийимдер модада болоорун билбей турсаңыз, анда стилисттер сунуштаган бир ыкма бар. Кара чайды демдеп, ага сүт кошуп аралаштырып көрүңүз. Андан пайда болгон түстү- келерки жылдын эң негизги түсү деп билсеңиз болот.

2018-жылдын жаз жана күз мезгилдеринде күңүрт-кайың, изумруд жана күрөң- жашыл түстөр модада болот. Аталган өңдөгү пальто, шапка жана мээлейлер сизди чыныгы стилдүү айым кыла алат.

Жайында болсо упа түсү аралашкан кызгылт өңдөгү узун көйнөк айымдардын ажарын ачып берет.

Сары

Ачык сары түс жылда эле модада боло бербейт. Бирок 2018-жыл сары өңдүн багын ачат десе болот.  Ачык сары, ток сары жана сарыга жакын кумдун өңү актуалдуу болоору айтылууда.

Кызыл

Бул жылы кызыл өң дагы унутта калбайт. Жөн эле кызыл эмес, кыпкызыл анардын өңүндөгү кийимдерге басым жасасаңыз жакшы. Бул түстү бир гана кийингенде эмес, макияж жана маникюр жасаганда да эске алууну стилистер сунушташат.

Күрөң түскө жакын кыпкызыл өңдөгү кофта же көйнөктү булгары сумка менен, замшадан тигилген өтүктөр же спорттук бут кийимдер менен кийсеңиз ажарыңыз ачылат.

Дагы бир стилдүү көрсөтүүчү образды анар ширесинин түсү менен ак же саргыч күрөң түстү айкалыштырып тандалган кийим түзөт.

Жинсы

 

Жинсыдан тигилген кийимдерди сүйүүчүлөргө жакшы жаңылык. Классикалык стилде тигилген жинсы юбкалар жана шымдар жылдын модасы. Күңүрт өңдөгү жинсыдан тигилген жайкы сарафандар жана туникалар сизди стилдүү көрсөтөт.

Боз

Боз түс жөнүндө айтсак, жыл мезгилдеринин өзгөрүшү менен боз түстөрдү да өзгөртүп кийсеңиз болот. Мисалы, кышында жана эрте жазда күңүрт боз түстөр кийилсе, жайында сүттүн өңүндөгү жеңил кийимдер, күздө жана жылдын аягында ачык боз түстөр модада болот.

Ал эми бут кийимдер жөнүндө айта турган болсок, лакталган жана гүлдүү бут кийимдер модада болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.