Жаңы 2018-жыл кандай болот? Чыгыш гороскобу жооп берет

2018- ит жылында өзгөчө таң калтырган өзгөрүүлөр болот деп күтпөй эле койгон оң. Анткени келе жаткан жыл бир калыпта, токтоолукту сүйгөн жана баарына тегиз караган жыл болот.

Жаңы жылдан жаңы сүйүү күтүп жүргөндөр үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр болушу мүмкүн. Ашыгына жолугуп, бекем мамиле курганга ылайыктуу жыл. Сүйүктүүңүздү таап, бакытка карай жөнөйм десеңиз, келе жаткан жылдын бир шартына көнүүгө туура келет. Эгер мамилени туура эмес максат менен баштасаңыз, анда ит жылынан колдоо күтпөй эле коюңуз. Андыктан башталган мамиле бир гана сүйүүгө негизделгени жакшы.

Ит өзүнүн пайдасын гана ойлогон достукту жек көрөт. Анткени итте ишенимге бекем жана чынчыл сапаттар бар. 2018-жыл достукка жана шериктеш мамилелерге ачык адамдарга колдоо көрсөтөт.

Жумуш боюнча шериктештик тууралуу сөз кыла турган болсок, анда өз алдынча аракет кылган, алдыга жылган жана бизнесте, карьерада бийиктикке жетем деген адамдар үчүн ийгиликтүү жыл болот.

Ашыкча шаан-шөкөттөргө барбаган, кереметтин болуп кетишин күтүп жата бербеген адамдар үчүн ийгилик жылмаяарын келе жаткан жылдан күткөнгө болот. Жаңы жылда финансыга муктаж болбоюн деген адам майрам, кечелерди унутуп, тытынып иштегенге туура келет.

Бул жыл иштеп тапкан акчаны сарптоодо дагы акылмандыкты талап кылат. Ит жылы келечекти көрө билип, арканды узун таштаган, акчаны майда-чүйдөгө эмес, маанилүү жана көрүнүктүү нерселерге жумшаган адамдарды колдойт. Үйдүн курулушуна, кыймылсыз мүлк сатып алганга, бизнес түптөгөнгө же билим алууга сарптасаңыз, анда туура кылган болосуз.

Сиз күтүп жаткан жылда жашооңуздун бардык тармагын жакшы жакка өзгөртүүгө, кызыктуураак кылып кооздоп алууга мүмкүнчүлүк кенен.

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.