
Өзгөн районундагы Ана-Кызыл айылында «Toyota Ist» үлгүсүндөгү унаа Жазы дарыясына түшүп кетип, анын кесепетинен 2 эркек киши көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Окуя болгон жерге Өзгөн райондук №53 өрт куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары барган. Бирок алар жерине баргыча жергиликтүү тургундар маркумдардын сөөгүн чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкени маалым болду.
- 17.05.2021