
7-апрелде Өзгөндүн Заргер айыл аймагында жер көчкү түшүп, эки турак жайды басып калды. Кырсыктан жабыркагандар жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
“Учурда көчкү басып калган үйдөгү тургундарды 6-апрелде туугандарынын үйүнө көчүргөнбүз. 7-апрелде алардын турак жайларын көчкү басып калды. Ошондой эле аймактагы дагы бир үй-бүлөгө жер көчку коркунучу жаралгандыктан үйдүн ээси да убактылуу көчүрүлдү”,-деп белгилешти министрликтен.
Учурда адистер тактоо жана түшүндүрүү ишетрин жүргүзүшүүдө.
- 08.04.2017