Өзгөндө жер көчкү 20 дан ашуун үйгө жакындап жатат

Өзгөндүн Жалпак-Таш айылында 23-апрелде сүрүлгөн жер көчкү турак жайларга жакындоодо. Учурда жер көчкү 23 турак жайды жана дарыяны бөгөп калуу коркунучунда турат.

24-апрелде көчкү дагы жанданып, электр мамычаларын жана суу түтүкчөлөрүн басып калды.

Буга чейин сүрүлгөн көчкүдөн бир катар жер үлүштөр жараксыз абалга келген.

Жеринде ӨКМ адистеринен куралган комиссия жүрөт. Коркунучта турган жогорку чыңалуудагы электр мамысынын ток өткөрүүчү зымдары кыркылып жатат. Айыл аймак башчысына кооптуу болгон турак жай ээлерин убактылуу коопсуз жайга көчүрүү иш-чараларын жүргүзүп жатышат

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.