Өзгөндө жеңил унаа сайга кулап, эки адам каза болду

Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Чечебай айылында Daewoo Tico үлгүсүндөгү жеңил унаа сайга кулап, эки киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, жол кырсыгы кечээ, 29-ноябрда болгон.

Кырсыктан эки эркек киши каза болуп, дагы эки киши ар кандай жаракат менен ооруканага жеткирилген.

Жерине ӨКМдин 4 куткаруучусу тартылып, унааны сайдан чыгарып беришкен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.