Өзгөндө унаада отурган адамдарга ок аткан шектүүлөр изделип жатат

Өзгөндө белгисиз курал менен үч адамды атып кеткен шектүүлөр изделип жатат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, 18-марттан 19-мартка караган түнү саат 03:35 чамасында Өзгөн райондук аймактык ооруканасына эки жаран ок атуучу куралдан денелеринен жаракат алып кайрылган.

“Райондук милиция жетекчилиги аталган ооруканага барган учурда, 19-мартка караган түнү саат 03:15 чамасында Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүнүн  түштүк тарабындагы асфальт жолдо С. Негматов көчөсүнүн 31 жаштагы М. Ш аттуу өзүнө таандык болгон “Хонда-Инспайер” үлгүсүндөгү жеңил унаасында Ленин көчөсүнүн 21 жаштагы К. С жана 31 жаштагы А. А  менен биргеликте токтоп турган жеринде, белгисиз автоунаа батыштан-чыгышты көздөй жанына келип токтоп, белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал менен ок аткан”, – деп айтылат маалыматта.

Шектүүлөр окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен. Учурда кылмыштын бетин ачуу боюнча ыкчам- тергөө тобу түзүлүп тийиштүү иштер жүрүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.